Ысык-Көлдөгү "Медлайф" дарыкана түйүндөрүнө «Азитромицин», “Клексан” жана «Фраксипорин» дарылары алынып келди

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун "Медлайф" дарыкана түйүндөрүнө «Азитромицин», “Клексан” жана «Фраксипорин» дарылары алынып келди. Бул тууралуу облустук ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Медлайф" дарыкана түйүндөрүнө төмөнкү дары-дармектер алынып келинген: Фраксипорин -150 даана, Клексан -210 даана, Азитромицин -1560 даана, Азитромицин балдарга -150 даана, Ингавирин - 250 даана, Левофлоксацин – 900 даана.

Белгилей кетсек, облустун штабынын чечимине ылайык, дары-дармектер дарыгердин дайындамасы менен берилет жана бир адам бир таңгакты гана ала алат. Ар бир дарыканадагы сатууну каттого алган жана чечимдин аткарылышын көзөмөлдөп турган жергиликтүү бийлик органдарынын бир кызматкери бекитилген.

Дарыкана пункттарынын даректери:

Каракол ш., Алдашев 47 дарегиндеги дарыкана;
Каракол ш., Жантошев көч. 4 дарегиндеги дарыкана;
Каракол ш., Кашка-Суу кичи районунун дарыканасы;
Балыкчы ш., Орозбаев көч. 43;
Бөкөнбаев а., борбор;
Бөкөнбаев а., аймактык райондук оорукана;
Түп а., аймактык оорукана.

Пикир

Оставить комментарий