• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы кармалды деген маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

УКМКнын маалыматына ылайык, Сулайманов суракка дагы чакыртылган жок.

Айрым ЖМКлар Сулайманов УКМК тарабынан өткөн түнү кармалып, ушул убакка чейин суракта экендигин жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий