• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл облусунун Оттук айылында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылында 275 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу наркы 1 055 107 АКШ долларын түзүп, Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө обьекттин курулуш иштери 27%га аяктап калды. Курулуштун башынан бери 297 миң 662 доллар каржыланды.

Учурда подряддык уюм тарабынан 100%га биринчи кабатын кирпич менен тургузуу жана сейсмикалык баалуулугу иштери аяктады. Учурда экинчи кабаттын кирпич коюу, күчөтүү жана монолиттик колонналарын бетондоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилесек, долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга баардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Пикир

Оставить комментарий