• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түптүн Сан-Таш айылынын таза суу курулмалары пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сан-Таш айылынын таза суу курулмаларынын курулуш иштери бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сан-Таш айылынын ичүүчү суу түтүктөрүнүн курулушу 2020-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин каржылоосу менен башталган. Анын тендердик баасы 9,2 млн сомду түзгөн.

Бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 50 куб метр монолит резервуары, суу топтоочу жайы (каптаж) темир тосмосу менен, 0,926 км аралыктагы башкы суу түтүгү, ички суу түтүтүктөрү 3,2 чакырым полиэтилен трубасы, от өчүрүүчү крандар жана башка суу түтүктөрүнүн элементтери менен орнотулду.

Белгилей кетсек, суу курулмалары ар бир үйгө чейин тартылып берилди. Мындан ары техникалык жактан тейлөөсү жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканага жана айыл башчысына айыл өкмөт тарабынан жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий