• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун жетекчиси жазгы-талаа иштерине карата даярдык менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жазгы-талаа иштерине карата даярдык менен таанышып, атайын жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга район башчылары жана тиешелүү кызмат жетекчилери катышып, талаа иштерине даярдыктар боюнча маалымат беришти.

Облуста жазгы себүү иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү жана майлоочу май, насыялар менен камсыз кылуу багытында тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий