• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жети-Өгүз районунда улуттук баатыр Бирназар бийдин эстелиги ачылды

Президент 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда улуттук баатыр Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өттү.

Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду.

Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган.

Пикир

Оставить комментарий