• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунундагы имамдар массалык түрдө ишембиликке чыгышты

Аймак 0

Бишкек, 25.03.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токомушевдин №155 буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунда массалык түрдө ишембилик өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ишембиликтин алкагында шаар жана райондук баш имам хатибдер жана имамдар ооруканаларды, бала-бакча жана жетимдер үйлөрүн, ФАПтардын айланасын, карылар үйлөрүн, ошондой эле борбордук көчөлөрдү, суу агуучу арыктарды тазалашып, көчөттөрдү отургузушту.

“Өз ыктыяры менен кол кабыш кылган жергиликтүү жашоочулар ишембиликке чыгышып, дин кызматкерлери менен биргеликте айлана-чөйрөнү тазалашты. Коомубуздун тазалыгына кайдыгер карабагандарга терең ыраазымын»,-деди облус казысы.

Пикир

Оставить комментарий