• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл: Пансионаттагы кафе жана 2 конок үйү күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.18. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Борбор” пасионатындагы “Осьминог” кафеси толугу менен күйүп кетти,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда болжол менен саат 04:39 чамасында 04:39да КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук бөлүмүнө кафе күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган”,-деп билдиришти ведомстводон.

Билдирүүгө ылайык, кафенин имараты толугу менен күйүп кеткен.

“Андан сырткары, өрттүн кесепетинен жакын салынган: “Грин Хаус” 3 кабаттуу конок үйүндө өрт болуп, 750 чарчы метри күйүп кеткен.

Өрт 2 кабаттуу “Саябан” конок үйүн каптап, 90 чарчы метр чатыры, экинчи кабатынын 30 чарчы метр аянты, 6 даана пластик терезе жана 6 даана эшик, 1- муздаткыч, 1 - телевизор, 1 - шкаф, 2 - керебет күйгөн”,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Өрттүн чыгуу себеби ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий