• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл райондук ооруканасынын капиталдык оңдоо иштери 80%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Чолпон-Ата ​ шаарындагы 70 орундуу Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери 80%га аткарылып жана толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын демонтаждоо иштери 100%га аткарылып, эски эшик-терезе, инженердик түтүктөрү ажыратылып жана дубалдардын шыбактары түшүрүлгөн.

Бүкүнкү күнгө карата чатырын кайрадан жабуу иштери 80%га жана ички жасалгалоо жумуштары 100%га аткарылды. Ошондой эле ​ электромонтаж 85%га, сантехникалык жумуштар 50%га, сырткы шыбак жана имараттын маңдайын жасалгалоо жумуштары 95%га аткарылып, жаңы терезелер орнотулду. Учурда канализация жана суу түтүктөрүн орнотууга траншея казылып бүттү.

Капиталдык оңдоо иштерине 32 жумушчу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий