• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл райондук прокуратурасы 10,9 млн сомдук жер тилкени кайтарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Ысык-Көл райондук прокуратурасы 10,9 млн сомдук жер тилкени кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан 2019-жылдын июль айында жокко чыгарылган соттун чечиминин негизинде «Б.М.» аттуу жаранга «Рохат» жана «Алтын Көл» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 0,60га жер тилкесине мыйзамсыз жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендигин Ысык-Көл райондук прокуратурасы аныктап чыкты.

Текшерүүдө такталгандай, аталган жер тилкенин нарктык базар баасы 10 млн 932 миң сомду түзөт.

Жерди кайрадан мамлекетке кайтаруу чараларын жүргүзүү үчүн райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына талап келтирилген.

Анын негизинде Кара-Ой айыл өкмөтү сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Бүгүнкү күндө, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жогорудагы 0,60га жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке алынды.

Пикир

Оставить комментарий