• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы 1867 арызды электрондук форматта кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын башынан Ысык-Көл райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын бирдиктүү терезесине электрондук форматта 1867 арыз түшкөн. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 1768 документ аткарылган, анын ичинен АПШ - 81, ИТШ - 95, ырастоо жеке турак үйлөрдү - 81, топографиялык сүрөткө тартуу - 63, долбоорлорун макулдашуу - 61, техникалык корутунду - 49, жер тилкесинин планы-151, жеке турак жай жер тилкелеринен баш тартуу - 236 жана башка иш – 951 иш кагаздары даярдалган.

Ысык-Көл райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Мурат Токоев белгилегендей, жарандардын шарттарын түзүү үчүн бирдиктүү терезенин маалымат такталарында жеке турак үйлөрдүн типтүү долбоорлору, башкармалык тарабынан аткарылган кызматтардын бардык түрлөрү жана кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди кабыл алуу жана берүү тартиби жана жол-жоболору жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий