• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл районунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы курулуштун пайдубалына капсула салуу аземине аталган фонддун директору, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

"Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендерлик баасы 73 млн 525 миң сом. Бала бакча 2 кабаттан туруп, 140 орундуу болмокчу. Ошондой эле бардык керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, имараттын курулушу жергиликтүү бийликтин сунушунун негизинде колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий