• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл районунда милиция тарабынан окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү

Саясат 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл районунда “Менин милициям мени коргойт жана кылмыштуулукка каршыбыз” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Х. Жээнбеков атындагы мектеп-лицейинин 8-9-10-класстын окуучулары катышып, курамында 10 баладан турган 7 команда түзүлгөн.

Биринчи этабында командалар арасында саламдашуу жана эмблемаларын жактоо, флешмоб көрсөтүлдү.

Спорт оюндарынын ичинен аркан тартыш, эстафета боюнча мелдешишип, балдар, кыздар арасында өзүнүн активдүлүүлүгү жана формаларынын өзгөчөлүгү менен дилгирлүү катышкан.

Баш байгени аталган мектептин 9-А классынын окуучулар, биринчиликти 10-Г классынын окуучулары ал эми экинчи орунду 9-Б классынын окуучулары, үчүнчү орунду болсо 9-А классынын окуучулары багындырышкан.

Спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү грамота, сыйлуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий