• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көл районунда заманбап мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев айылында бардык шарты менен жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечиттин ачылышына облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев, айыл өкмөт башчысы Эмил Шамбетов жана жергиликтүү айылдын тургундары катышты.

«Мечит Жараткан Алла Тааланын үйү. Элибизди ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруучу жай. Андыктан баарыбыз коомубуздагы терс көрүнүштөрдү алдын алуубуз керек»,-деди Алмазбек ажы Сагындыков.

Ачылыш аземинен кийин жамаат менен намаз окулуп, элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилеп дуба кылынып, казыят тарабынан Куран китеби белекке берилди.

Аталган мечит чет элдик жеке ишкер тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий