• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-июлда болжол менен саат 11:45тер чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту, Бостери айылдарында жана Корумду айыл аймагынын Булан-Сөгөтү айылында сел жүргөн.

“Селдин кесепетинен Бостери айылында ички чарбалык каналдан суу ашып, 15 турак үйдүн жана Бактуу-Долоноту айылында 3 турак үйдүн короо жайларын каптаган. Мындан сырткары Булан-Сөгөтү айылында 1 орто мектептин, 1 балдар бакчасынын жер төлөөсүнө сел суулары кирип, 13 турак үйдүн короо жайларын каптаган”, - деп билдиришти ӨКМден.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар жана атайын техника тартылып, сел сууларынан тазалоо иштери толук аяктады.

Пикир

Оставить комментарий