• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл районунун акими эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл районунун акими эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган райондун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-мартта Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Максатбек Сарбагышев, Ысык-Көл районунун калкы менен жолугушууларды өткөрүүнүн алкагында Садыр-Аке айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда аким элдин үнүн, көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин угуп, алардын негизинде айыл аймак башчысына, жыйынга атайын чакырылган тиешелүү мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий