• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл районунун Бает айылында жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл районунун Бает айылында «Достук» атындагы жаӊы бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышка өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Үсөнова жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Д.Акматова катышып, бала бакчанын курулушуна салым кошкон инсандарды Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын «Ыраазычылык каты» менен сыйлады.

«Достук» бала бакчасы 100 орунга ылайыкташтырылып, бардык керектелүүчү чарбалык имараттары жана саркынды суу тазалоочу каражаты менен курулган, заманбап эмеректер менен жабдылып, ички жасалгалары өзгөчө чыгармачылык менен жасалгаланган.

Белгилей кетсек, балдар бакчасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу, жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, курулуш иштерине жалпысынан 25 млн 437 миӊ 342 сом акча каражаты жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий