• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.21./Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жаны курулган футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү . Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Салтанаттуу иш-чарага айыл аксакалдары, жаштар жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Д.Акматова катышып, айыл тургундарын бүгүнкү саамалыгы менен куттуктады.

Спорт аянтча келечек муундун бош убакытын туура пайдалануу, саламаттыгына кам көрүп, сергек жашоого үйрөтүү менен спорт деңгээлин көтөрмөкчү. Ошондой эле, кылмыштуулуктун алдын алып, туура багыт көрсөтөт жана жаштардын спорт аркылуу ынтымагын чыңдайт.

Белгилей кетсек, спорттук аянтчанын курулуш иштери 3 млн 252 миң 632 сомду түзүп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий