• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жаңы орто мектеп ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда, балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында жаңы орто мектеп ачылды. Жагымдуу окуя менен жергиликтүү тургундарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы район тургундарын бул маанилүү окуя жана балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, жаңы мектепте окуудагы жетишкендиктерди каалады.

Архитектура курулуш турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык курулуш иштери 2014-жылы башталган.

Эки кабаттан турган мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.

Сооронбай Жээнбеков ар бир адамдын жашоосунда билим берүүнүн ролу эч нерсеге алмашкыс экенин баса белгиледи.

«Өлкө жетекчилиги тарабынан билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү турмуштагы негизги багытты табууга, аң сезимди өстүрүп, маданиятты тилди сактоого жана коомдун түзүлүшүн калыптандырууга жардам берет. Азыркы тапта бардыгы тездик менен өзгөрүлүп жаткан заманда билим берүү чоң социалдык ролду ойнойт. Билимсиз күчтүү коом жок. Ошондуктан биз бул тармакка өзгөчө көңүл буруудабыз», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр билим берүү тармагына жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын суммасы көбөйтүлүп жатканын эске салды. Бүгүнкү күндө аталган тармакка бюджеттин 23,3% багытталган.

«2010-жылы билим берүүгө 11,9 миллиард сом бөлүнсө, 2016-жылы бул сумма 35,7 миллиард сомду түзгөн, бул абдан жакшы көрсөткүч», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы белгилегендей, бөлүнгөн каражат биринчи кезекте республика аймактарындагы жаңы мектептердин курууга, педагогикалык кадрларды тартууга жана компьютердик техникалар менен жабдууга багытталат.

«Кыргызстандагы мектептердин көпчүлүгү өткөн кылымдын 50-60-жылдары салынган, кээ бир мектептер анда да эски. Аталган көйгөйдү эске алуу менен мамлекет жыл сайын аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууда», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, акыркы алты жылда мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу иши активдүү жүргүзүлүүдө.

«2016-жылы социалдык объектилерди курууга каражаттар эки эсеге жогорулады, башкача айтканда жалпы суммасы 5,4 млн сомду түздү.

2016-жылы 77 мектеп салынып, азыркы кезде окуучулар окуп жатышат. Бул биздин эртеңки келечек тууралуу ойлонгонубуздан кабар берет. Билим берүү тармагы сыяктуу эле келечекте саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарына өзгөчө көңүл бурулат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Орто мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутатары жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий