• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл – россиялык туристтер көп келген, арзан курорттордун катарына кирди

Коом 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. ТурСтат аналитикалык агенттиги ушул жайда россиялык туристтер үчүн эс алууга ыңгайлуу жана белгилүү болгон КМШ курортторунун рейтингин жарыялады. Казакстандагы Бурабай курорту, Кыргызстандагы Ысык-Көл көлү, Беларусиядагы Нарочь көлү, Азербайжандын Баку шаарындагы Каспий деңизинин жээгиндеги Бильгя пляжы жана Армениядагы Севан көлү эс алуучулар арасындагы белгилүү жайлардын алгачкы беш тизмесине кирет.

ТурСтаттын маалыматы боюнча, россиялык туристтер КМШ өлкөлөрүндөгү курортторго жайында 7ден 14 күнгө чейин келип эс алып кетишет.

КМШ өлкөлөрүндөгү курорттордо эс алуу үчүн күнүнө 50дөн 100 долларга чейин кетет. Эң арзаны – Ысык-Көлдө (50 доллар) ал эми эң кымбаты Каспий деңизиндеги Бильгя курортторунда (100 доллар). Бурабайда суткасына 80 доллар. КМШ өлкөлөрүндөгү курортторго Москва, Подмосковья, Санкт-Петербург, Түштүк Урал жана Сибирден туристтер келип эс алышат.

Россиялык туристтердин арасында эң белгилүү болгон КМШдагы 5 курорт:

1. Бурабай курорту, Казакстан

2. Ысык-Көл көлү, Кыргызстан

3. Нарочь көлү, Беларусь

4. Бакудагы Бильгя , Каспий деңизи, Азербайжан

5. Севан көлү, Армения

Пикир

Оставить комментарий