• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл: "Өспүрүм-Түн" рейдинин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон 2 бала табылды

Аймак 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө "Өспүрүм-Түн" рейдинин жүрүшүндө 20 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен аймакта "Өспүрүм-Түн" аталышында 3 күндүк рейдтик иш чара уюштурулуп, жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтире турган шарттарына бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталды.

Рейдин жүрүшүндө мыйзам боюнча тыюу салынган жана чектелген жерлерде түнкү мезгилде ата-энелеринин, же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 40 жаш өспүрүм аныкталды. Дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Социалдык татаал турмушта жана психологиялык абалда калган өспүрүм аныкталып, бала социалдык мекемеге жайгаштырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен милиция кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин ("Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу") негизинде протоколдор түзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнө жалпы 20 миң сом айып пул салынды.

Ал эми калган аныкталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий