• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ысык-Көл тамырын” муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат — Бейшеналиев

Ден соолук 0


Бишкек, 16.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Ысык-Көл тамырын” (чөптүн кайнатмасы) муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев “Ысык-Көл тамырын” муздак ичпеш керектигин белгиледи.

“Дарыдан кийин муздак суу ичпөө жана балмуздак жебеши кажет. Уу коргошунду күнүнө 4 маал ичүү керек”, - дейт ал.

Министр “Ысык-Көл тамыры” бир эле жерде өсөрүн жана ал атайын курчалганын айтып өттү.

“Биз даярдап жаткан дары Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканада, Улуттук госпитал, Токмоктогу ооруканада, Ош ооруканасында берилип жатат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Ысык-Көл” тамыры” аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошунду “Кабар” агенттигиндеги түз эфир учурунда ичти.

Пикир

Оставить комментарий