• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көл: Тоң районунда 200 орундуу тигүү фабрикасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Тоң районунун Кажы-С­ай айылына 200 орунд­уу “Актис” тигүү фаб­рикасынын филиалы ач­ылды. Бул тууралуу Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачыл­ышына Ысык-Көл облус­ун өнүктүрүү фондусу 10 миллион сом пайы­зсыз насыя бөлгөн.

"Учурда ишканада 90 жу­мушчу иштеп жатат. Алардын орточо айлык акылары 25-35 миң сомго чейин барат. Буйрутмалардын басымд­уу бөлүгү Россиядан келет. Ишкана жетекч­иси белгилегендей, ак­ыркы күндөрү Россияд­ан буйрутмалар көбөй­дү. Андыктан тикмечи­лердин бир айлык эмг­ек акысы 45​ миң сом­го чейин жетиши мүмк­үн. Фабрикада кызмат­керлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Ысы­к-Көл облусун өнүктү­рүү фондусунун колдоо­су менен ачылып жатк­ан тигүү фабрикалары­нын бирден бир макса­ты ​ жергиликтүү тур­гундарды жумуш орду менен камсыз кылуу жана ишкерлерди колдоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий