• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл транспорттук шакекчесине инвестициянын көлөмү $307 млн жакын сумманы түзөт

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл транспорттук шакекчесине инвестициянын көлөмү 307 млн АКШ долларына жакын сумманы түзөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу тобунун директорунун орун басары Санжар Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери бүткөндөн кийин 184,5 чакырым узундуктагы Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги, анын ичинде Түп – Кеген унаа жолуна жаңы асфальт төшөлөт. Ысык-Көлдүн транспорттук шакекчесинин түндүк бөлүгү үчүн каражат издөө иштери жүрүп жатат.

“Дүйнөлүк банк менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер уланууда. Ошондой эле Кумтөрдүн каражатынын эсебинен каржылоо маселеси иштелип жатат”, - деди Асаналиев.

Пикир

Оставить комментарий