• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ысык-Көл” жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Ысык-Көл көлүнүн сейил бактык-пляждык зонасынын жер участокторун ижарага берүү маселелерин тактоого жана ижарачылардын, менчик ээлеринин (ишкерлердин) сейил бактык-пляждык зонаны коргоо укуктарын кеңейтүүгө багытталып, төмөндөгү максаттарды көздөйт:

- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылууну;

-жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөөнү;

-ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөөнү.

Пикир

Оставить комментарий