• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл жана Ак-Суу районунда кар жаады

Аймак 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Ысык-Көл жана Ак-Суу районунда кар жаады,-деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Алдын ала маалымат боюнча, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жана Чок-Тал жайлоолорунда, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң а/а. Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда кар калың жаагандыгына байланыштуу, мал жандыктарга зыян келтирилген деген маалымат түшкөн.

Жерине саат 09:30да Ысык-Көл райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы, Ак-Суу районуна КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 10 куткаруучу жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий