• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көл жана Лейлекте жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл жана Лейлекте жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күн мурун, 12-июль күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле бүгүн, 13-июль күнү саат 01:05те Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий