• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл жана Нарында электр жарыгы берилди — Доскул Бекмурзаев

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көл жана Нарында электр жарыгы калыбына келтирилди. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча колдонуучулардын 50 пайыздан ашыгына берилди.

“Калгандары бир нече сааттан кийин калыбына келтирилет” , - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.

Улуттукэнергохилдингдин басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, авария Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасына (UES CA) кирген өлкөлөрүнүн биринде болгон.

Пикир

Оставить комментарий