• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл жана Новосибирск облустарынын ортосундагы кызматташууну активдештирүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. 19-февралда Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев менен Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников менен онлайн жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги темалары КР менен РФнын эки облусунун ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле Новосибирск облусунан жана Сибирь федералдык округунан Ысык-Көл облусуна туристтик агымды көбөйтүү маселелери болду.

Ысык-Көл облусунун башчысы Кожоев өз сөзүндө КР менен РФнын эки облусу ортосундагы туризм, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун потенциалы толук ишке ашырыла электигин жана бул жолугушуу эки облустун мындан аркы кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал Кыргызстанда инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Новосибирск облусунун губернатору Травников быйыл эки облустун кызматташтыгына 10 жыл толуп жатканын, облустардын ортосундагы экономикалык потенциал жогору экенин жана Россия тарап аймактардын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу байланышты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу чектөөлөргө карабастан, Кыргызстан менен Новосибирск облусунун ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 2020-жылга салыштырмалуу 46,5% га өскөн.

КР башкы консулу Маматалиев өз сөзүндө Ысык-Көл облусунун экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, туризм тармагынын объекттерин, санаторийлерди, мейманканаларды, логистикалык борборлорду биргелешип куруу, Новосибирск облусуна жана РФнын башка аймактарына айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана аны кайра иштетүү тууралуу маалымат берди.

Ал эки облустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү максатында эки облустун ишкер чөйрөлөрү менен инвесторлорунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө чакырып, 2022-жылга чейин Ысык-Көл жана Новосибирск облустарынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну жана аталган сапарлардын алкагында тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Ысык-Көл жана Новосибирск шаарларынын инвестициялык жана экспорттук потенциалдары, Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалы жана кыргыз тараптын Ысык-Көлдө Россиянын жарандарын коронавирустан кийин дарылоо боюнча сунуштары айтылды.

КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Усенова менен Новосибирск облусунун саламаттык сактоо министри К.Хальзов аймактардын саламаттык сактоо тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Новосибирск облусуна Ысык-Көл облусунун жаш дарыгерлеринин такшалмасын уюштуруу жана окутуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кожоев Новосибирск облусунун губернаторун Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде А.Травников эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин Ысык-Көл облусуна барууга даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий