• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл жээгинде мугалимдердин өздүк эс алуу жайы пайда болот

Өкмөт 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. «Быйылкы жылда Ысык-Көл көлүнүн жээгинде мугалимдердин өздүк «Асыл» эс алуу жайы пайда болот». Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылындагы «Асыл» ден соолукту чыңдоо комплексине барган учурда маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө «Асыл» комплексинин имаратын ремонттоо боюнча чечим кабыл алынган жана анын аймагында билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн 400 орунга ылайыкталган беш кабаттуу жаңы ден соолукту чыңдоо борбору салынат.

Сооронбай Жээнбеков бул максатта республикалык бюджеттен 300млн сом каралганын баса белгиледи. Пансионат эс алуучуларды жыл бою кабыл алып, ден соолукту чыңдоо борборунда бардык зарыл болгон шарттар түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев учурда «Асыл» пансонатынын аймагында беш кабаттуу жаңы имараттын курулушунун жана азыркы иштеп жаткан пансионаттын капиталдык оңдоонун жана реконструкциялоонун болжолдуу эсеби жүргүзүлгөнүн билдирди.

Азыркы учурда пансионаттын аймагында 14 коттедж жайгашкан жана канааттандырарлык эмес абалда. Бардык курулуш иштери үстүбүздөгү жылы башталат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков жакынкы убакта «Асыл» пансионаты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүлүп берилерин маалымдады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинине тез арада жаңы имараттын куруу үчүн жашыл бак-дарактары кыйылбай турган ыңгайлуу орунду аныктоону жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна эс алуу жайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрилигинин кармагына өткөрүп берүү процессин тездетүүнү тапшырды.

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева үч жыл мурда мугалимдердин республикалык сүездинде өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Ысык-Көлдүн жээгинде мугалимдердин эс алуусу үчүн ден соолукту чыңдоо жайын курууну тапшырганын эске салды.

Министр белгилегендей мугалимдерге болгон мындай колдоо өлкө көз карандысыздыкты алгандан бери биринчи ирет болууда. , анын берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө республика боюнча билим берүү тармагында 76миң адам иштейт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна Билим берүү министрлиги менен биргеликте мамлекеттин менчигинде турган пансионатты министрликтин карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу конкреттүү сунуш киргизүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий