• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан ийгиликтүү өтүү үчүн Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан 21 көмөкчордондун жана 488,5 км узундуктагы 110-220 кВ электр берүү чубалгыларынын оңдоо иштери аткарылды. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Оңдоо иштери менен бирге эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу жана трансформатордук кубаттуулукту жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле “Чолпон-Ата” 110 кВ көмөкчордонундагы “Ананьево” 110 кВ ЖЧЧнын (жогорку чыңалуудагы чубалгынын) кошулумунун 110 кВ май өчүргүчү жаңы эле газдык өчүргүчкө алмаштырылды. Андан тышкары “Тамга” көмөкчордонундагы 110 кВ чыңалуудагы трансформаторлор алмаштырылып, 110 кВ АЧЧ (аша чыңалууну чектегич) орнотулду.

“Ушул жылдын аягына чейин жалпы саны 18 даана болгон төрт көмөкчордондогу 110 кВ жогорку чыңалуудагы киргизмелерди алмаштыруу, ошондой эле “Чок-Тал” көмөк чордонундагы 6,3 МВА кубаттуулуктагы күчтүк трансформаторду 10 МВАга жана “Барскоон” көмөкчордонундагы 2,5 МВА кубаттуулуктагы күчтүк трансформаторду 6,3 МВАга алмаштыруу пландалган. Аны менен катар “Сары-Камыш” 110 кВ көмөк чордонунда 2,5 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат, бул электр жабдууларынын жалпы кубаттуулугун жогорулатат” - деп белгиледи Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Айдарбек Тынаев.

Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы болуп саналып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда жана Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында жайгашкан жогорку чыңалуудагы 110-220 кВ электр берүүчү чубалгыларды жана көмөкчордондорду эксплуатациялоону, оңдоону жана ыкчам тейлөөнү ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий