• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө 11 мамлекеттин китепкана кызматкерлери катышкан форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Булан-Сөгөттү айылында китепкана кызматкерлеринин "жаштардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө Кыргызстандын коомдук китепканаларынын ролу" аттуу Xll форуму болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев катышты.

Форумга 11 мамлекеттен ( Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина) китепкана кызматкерлер келип катышууда.

Форумдун башкы максаты китепкана кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн, мамлекеттик тутумдарын, республиканын коомчулугунун, калкынын маданий адеп-ахлактыгын түзүү жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо.

Пикир

Оставить комментарий