• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана бар – облус башчысынын орун басары

Аймак 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана бар. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова билдирди.

“Ысык-Көлдө “Ак-кеме” посту иштеп жатат. Калган ички посттор алынган. Облус боюнча 127 пансионат катталган, 7 санаторий, 119 мейманкана, 190дон ашык конок үйү бар. Ошондой эле облуста 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуучу борбор жана 3 реабилитациялык борбор иш алып барат. Андан тышкары тоолуу жерлерде же көлдүн жээктеринде боз үй тигип иштеткендер бар. Саламаттык сактоо, Маданият министрликтери тарабынан жогоруда айтылган туристтик жайлар үчүн алгоритм иштелип чыккан”, - деп, Үсөнова көчмө топтор туристтик мекемелерге алгоритмди түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык тараптарды аткарбаган объекттерге иш баштоосуна уруксат берилбейт.

“Кайсы бир туристтик жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаса кемчиликтерди жоюуну эскертип жатабыз. Кемчиликтерди таптакыр эле жойбосо ал мекемелерди ачууга тыюу салып жатабыз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-июндан тарта туристтик объекттердин иштөөсүнө уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий