• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө 17,6 млн сомду түзгөн айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 17,6 млн сомду түзгөн айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Түп райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору менен 3 дыйкан чарбасына жалпы 49,8 га айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо жер аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 17 млн 688 миң сомго бааланган 49,8 га айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий