• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө 17 миңден ашык үй-бүлөгө акысыз ун таратылат

Аймак 0


Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда калктын аялуу катмарына кирген 17 миң 425 үй-бүлөгө акысыз ун таратылат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчулүгүнүн басма сөзх кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 871,25 тонна ун акысыз таратылат. Гуманитардык жардам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнүүдө.

Учурда Балыкчы шаарында 164,30 тонна жана Тоң районунда 109,80 тонна ун таратылды.

Жакынкы күндөрү Ак-Суу районуна 54,75 тонна, Жети-Өгүз районуна 188,40 тонна, Түп районуна 134,30 тонна, Ысык-Көл районуна 102,90 тонна, Каракол шаарына 116,80 тонна ун Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан келери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий