• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө 1800 түк тоют өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жеке турак үйдө 1800 түк тоют күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 00:10 чамаларында Теплоключенка айылынын Калинин көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короосунда чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, өрттүн көлөмү чоң богондуктан кошумча Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган.

Өрт саат 2:08де чектөөгө алып, таңкы 6:38де толук өчүрүлгөн. Жалпы эки үйдөн өрт чыгып 1800 түк чөп, 180 чарчы метр сарайы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. ​ ​

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталып, 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий