• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө 2-8-сентябрда унаа кыймылына чектөө киргизилет

ДКО 2018 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин транспорт кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2нен 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөттү айылында жана Кырчын капчыгайында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт.

Буга байланыштуу 30-августтан 9-сентябрга чейин Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жүк ташуучу транспорт каражаттарынын, автобус, микроавтобустардын, айыл чарба техникасынын жана кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Альтернативдүү жол катары узундугу 3 миң чакырым, 700 метрди түзгөн жол колдонулат.

Ошондой эле Балыкчы шаарынан Ысык-Көл районунун Семеновка айылына чейин жол боюндагы транспорт каражаттарын токтотуучу жайлар алынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-сентябрдан 9-сентябрга чейин Семеновка айылынан “Кырчын” этно-шаарчасына чейин бир тараптуу кыймыл уюштуруларын билдирди. Транспорт каражаттарынын “Кырчын” этно-шаарчасынан чыгышы Григорьев капчыгайы аркылуу ишке ашат.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий