• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө 200 мектеп окуучусу зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүшкө чыкты

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы 16 күндүк акциянын алкагында 200 мектеп окуучусу зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Акциянын максаты - балдарга карата болуп жаткан зордук-зомбулук фактыларын алдын алуу болуп саналат. Балдар өсүп келе жаткан муундун тагдырына кайдыгер карабоо керектигине коомчулуктун көңүлүн бурушту.

Милиция кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукка, тамеки тартууга, таксикомания, баңгичиликке жана топтошуп мушташууга катышуунун жашоого тийгизген зыяны жана терс натыйжалары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле акциянын алкагында окуучулар Каракол шаардык милициясынын балдар иштери боюнча инспекциясынын бир күндүк ишмердүүлүгү менен тааныша алышты. Мектеп окуучулары көчмө коомдук кабылдама кызматын аткарган кызматтык унаа менен шаарды кыдырып, жеринде эл менен иш алып барып, бүгүнкү күндөгү көйгөйдү калкка жеткирүү боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий