• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө 27 жаштагы кызды сабап өлтүргөн бир туугандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 27 жаштагы кызды сабап өлтүргөн эки бир тууган кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканага денесинен жаракат алган кыз келип түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

“Ыкчам-иликтөө тобу күбөлөрдү сурап, жабырлануучуну Бостери айылынын тургуну көчөдөн көрүп, тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгенин тактаган. Бирок сабалган кыз эсине келбей ооруканада каза болгон.Териштирүү амалдарынын жүрүшүндө каза болгон кыз Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну Э.Салтанат экендиги белгилүү болду. Милициянын ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип бир тууган ага-инилер — 31 жаштагы Ж.Азат менен 32 жаштагы Ж.Болот кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий