• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 га (жарым арал) аянттагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Прокурордук текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.

2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 млн сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген.

Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий