• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди. Алардын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдүн капиталдык ремонту толук бүткөн жана пайдаланууга берилди.

"Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмания менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан. Жаңы жугуштуу ооруканада дагы кошумча 35 койка-орундук болот. Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн. Алар өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Даярдык иштери толук кандуу жүрүп, түнкүсүн да иштеп жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз деп ойлоп жатабыз", - дейт Сагынбаев.

Сагынбаев бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин камы жана жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү санда бар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий