• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө 37 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 37 миң адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облусу боюнча жалпы эмдөөдөн өткөрүүлүчү калктын саны 262 миң 670 жаранды түзөт.

"Азыркы кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу – бул облус элинин короновирус илдетине каршы эмдөө алуусу болуп саналат. Ар бир жаран өздөрүнүн жана жакындарынын, жалпы элибиздин ден соолугуна кам көрүү жагы өтө маанилүү жана жарандык позициябызды аткаруу милдети турат. Облуста 173 эмдөө пункту ачылып, 11 көчмө мобилдик бригада иштеп жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий