• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө 42 жаштагы эркек киши чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.18. / Кабар/. Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылында эркек киши сууга чөгүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя ”Натали” пансионатында болгон.

23-июлда саат 12:25 чамасында 1976-жылы туулган С.А.Ю аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар караңгы киргенге чейин аны издешкен. Издөө иштери бүгүн дагы уланат.

Андан сырткары куткаруучулар Алай районунун Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл көлмөсүнө чөгүп кеткен 2002-жылы төрөлгөн К. уулу А жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

22-июлда 1986-жылы төрөлгөн Ж.А. аттуу жаран сууга чөгүп кеткен. Анын денесин кечээ, 23-июлда табышып, туугандарына өткөрүп беришкен..

Пикир

Оставить комментарий