• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө 5 пансионат убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 26-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгиндеги беш пансионат эрежелерди сактабагандыгы үчүн убактылуу жабылганын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тактай кетсек, «Атырау», «Кыргыз Таңы», «Золотой Требас», «Самал» жана «Береке» пансионаттары жабылды.

Маалымдалгандай, аталган эс алуучу жайларда өрт коопсуздугу сакталбай, нормага ылайык, сууну тазалоочу түтүктөрдүн жоктугу алардын убактылуу ишин токтотууга себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий