• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө 6 айдын ичинде кылмыштардын саны 25,6 пайызга өстү

Аймак 0

Бишкек. 20.07.18./Кабар/. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ысык-Көл облусунда кылмыштардын саны 25,6 пайызга өстү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 1 миң 103 кылмыш катталган.

“Каттоого алынган кылмыштардын көбөйүшү жарандардын ар бир арызы катталып, мыйзам чегинде каралышы үчүн жасалган учёттук-каттоо дисциплинасын активдештирүүнүн натыйжасы болду”, - деди Ысык-Көл ОИИБнин башчысынын орун басары Канат Айдакеев биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча өткөн маалымат жыйынында.

К.Айдакеевдин айтымында, отчёттук мезгил учурунда өзгөчө оор кылмыштардын саны азайганы байкалган.

“Киши өлтүрүү жана өлтүргөнгө аракет кылуу 11ден 8ге, денесине зыян келтирүү 10дон 7ге, каракчылык 4төн 2ге, зордуктоо 10дон 9га кыскарган. Жасалган кылмыштардын негизги массасы башка бирөөнүн мүлкүн уурдоого туура келет. Башкача айтканда бул кылмыш боюнча 495 факт катталган”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Милициянын кызматкерлери ар түрдүү кылмыш жасагандыгы үчүн 786 адамды аныктаган, анын 566сы жергиликтүү тургундар. Кылмышкерлердин 457си эч жерде иштебейт жана окубайт.

Пикир

Оставить комментарий