• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып, кыймыл убактылуу токтотулду

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Балыкчы-Жел-арык темир жол участогу убактылуу жабылды. Аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий