• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды

Аймак 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 9 айда 250 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук милициясы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 9 ай жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеӊешмеде белгиленгендей, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелеринин тартибин бузуу, унаа каражаттарынын техникалык жактан канааттандыраарлык эмес абалы, жолдордун сапаттуулугунун жана пайдалануунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарга жооп бербестиги – мурдагыдай эле жол кырсыктарынын негизги себептери болууда.

Кеӊешмеде белгиленгендей, отчеттук мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында 250 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24 учурга аз катталган. Жол кырсыгынын кесепетинин каза болгон адамдардын саны 34,8 пайызга, жаракат алгандар 22,8 пайызга кыскарган. Жол эрежелеринин талаптарын бузуунун 21305 учуру аныкталса, анын ичинен 543 айдоочу мас абалында кармалган.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик көпчүлүгүн айдоочулар тарабынан, ал эми жөө жүргүнчүлөр болгону 25 жол кырсыгына себепкер болгон. Ошондой эле авто жолдордун начар абалдары жана сапаттары стандарттарга дал келбестиги да бирден бир жол кырсыктарына себеп болууда. Мына ушундай жагдайдан улам, отчеттук мезгилде 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 16 адам каза болсо, 73 ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана шарттарын жакшыртуу максатында шаарлардын жана райондордун автожолдорунун жазгы-күзгү абалы текшерүүдөн өттү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жол кырсыгына себеп болучу 41 коркунучтуу участок аныкталып, аны жоюу боюнча тийиштүү жол чарбаларына жолдомолор берилген.

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 54 рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 18612 жол эрежесин бузган фактысы аныкталган, анын ичинде 421 мас айдоочу.

Пикир

Оставить комментарий