• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө адамдар бар парашюттун арканы кайыктан үзүлүп кеткен — видео

Аймак 0


Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылында адамдар бар парашюттун арканы кайыктан үзүлүп кеткен.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, интернетке тараган видео боюнча милицияга эч ким кайрылган эмес.

Милиция кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жүрүшүндө парашюттун ээси Бостери айылынын С.Д. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Анын айтымында, окуя 21-августта болуп, шамал күтүүсүздөн болгондуктан инструктор жерге коопсуз конуу үчүн кайыкка байланган арканды атайын кесип салган.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

“Парашюттун ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан сырткары, Экотехинспекцияга маалымат жиберилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий