• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө аялды өлтүргүчө сүзүп, унаасын таштап из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Ысык-Көлдө “Toyota Land Cruiser 200” унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымына караганда, жол кырсыгы 5-октябрда болжол менен саат 01:05 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 84-чакырымындагы ипподромдон алыс эмес Бактуу-Долонот айылында катталган.

Кырсык болгондон кийин унаа электр түркүгүн сүзүп, 20 метрдей жүрүп барып токтогон. Алган жараттардан улам 40-45-жаштагы Майрам аттуу жергиликтүү тургун каза болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 31-жаштагы Беккул аттуу айдоочуну кармашкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө, кармалган айдоочу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий