• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял күйөөсүн сотко берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял күйөөсүн сотко берди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү Ак-Суу РИИБине Тегизчил айылынын 28 жаштагы тургуну А.Н. арыз менен кайрылып, жолдошу 40 жаштагы К.М. уруп-сабап, кичинекей балдары менен үйдөн чыгарып салгандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кайрылган келиндин денесинен кандай жаракат алгандыгын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусу боюнча алынган жаракат ден соолукка жеӊил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.

Март айынын башында сотко чейинки өндүрүш иши ар тараптуу жана объективдүү каралуусу үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБинин жоруктар иштери боюнча бөлүмүнө тапшырылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө арыз ээси 2011-жылы Тегизчил айылынын тургуну К.М.га турмушка чыгып, айылдын чет жакасында орун алган кашарда жашап, мал чарбачылык менен алектенишери белгилүү болду. Биргелешкен никеде алар үч балалуу болушкан, улуу баласы 6 жашта, кичүүсү 3 жашта. Жабырлануучунун айтымында, мурда да жолдошу ага кол көтөрүп жүрчү. Кызганычтан жана негизсиз ур-токмоктун айынан алар бир нече жолу ажырашкан, бирок кайрадан элдешип, жашоосун улантышкан. Ушул жылдын 19-февралында жубайлардын ортосунда кызганычтан улам кайрадан үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, күйөөсү келинди ур-токмокко алган. Андан кийин, жолдошу келинчегин 3 баласы менен үйүнөн тышка чыгарып салган.

Учурда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши аяктады, облустук прокуратура таанышкан соң, соттун кароосуна жиберилет.

Ал эми келин милиция кызматкерлери тарабынан «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борборуна жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси боюнча 30 миӊден 60 миӊге чейинки айыппул жоопкерчилиги каралган.

Пикир

Оставить комментарий